• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин борбордук аймагында веложол жана тротуарлар пайда болот

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Бишкектин борбордук аймагында веложол жана тротуарлар пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиде Бишкек мэри Азиз Суракматов жана шаардын вице-мэрлери борбордун көчөлөрүн кыдырышкан. Анда белгилүү болгондой, быйыл Бишкектин борбордук аймагына веложол жана тротуарлар салынат.

Жөө жана велосипедчен адамдардын ыңгайы үчүн жаңы жолдор борбор калаанын эң ири делген үч көчөсүндө курулуп, ал “П” түрүндө болмокчу:

Чыңгыз Айтматов/Манас проспектисинде (Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин) тротуар жана веложол пайда болот. Анын узундугу 3,7 чакырым болот. Чыгыш тарабында, жөө жана велосипедчен адамдар үчүн жол салынат. Ал эми батыш тарабына тротуар курулат.

Велосипедчен жана жөө адамдар басчу дагы бир тилке Чүй проспектисинде (Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин) курулмакчы. Узундугу 1,8 чакырым болот.

Ошондой эле Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүнүн, (Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин) батыш тарабында, жөө жана велосипедчен адамдар үчүн жол салынат. Ал эми чыгыш тарабына тротуар курулат.

Веложол жана тротуарлардын курулушу Бишкек мэри Азиз Суракматовдун табыштамасы менен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий