• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин борбордук бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт – тизме

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. 21-25-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук бөлүгүндө газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, газ шаардын Калык Акиев, Шопоков көчөсү жана Жибек-Жолу, Чүй проспекттери менен чектелген бөлүгүндө убактылуу өчүрүлөт. Жалпы 4 миң 226 абонент көгүлтүр отсуз калат.

Газды өчүрүү жер алдындагы газ түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Пикир

Оставить комментарий