• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин борбордук көчөлөрү күркөлөрдөн тазаланат

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Биринчи май акимчилиги Бишкектин борбордук көчөлөрүн заманбап жана ыңгайлуу шаардын стандарттарына ылайык келтирүү боюнча планды ишке ашырууну баштады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгачкы демилгелердин бири борбор калаанын көчөлөрүндөгү мыйзамсыз соода күркөлөрүн алып салуу болмокчу. Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен Бишкектин борбордук көчөлөрүндө стационардык эмес соода объектилери аныкталат.

Сооданын бул түрүнүн ээлери менен келишимдик ижара мамилелерин токтотуу маселеси да каралат.

Белгилей кетсек, күркөлөр шаардын көрүнүшүн бир топ бузат. Алардын ээлери электр тармагына мыйзамсыз улап, таштанды чыгаруу боюнча келишимдерди түзүшпөйт. Сапат талаптарына жооп бербеген продукцияларды сатышат.

Ошол эле учурда муниципалдык администрация сооданын бул түрү көбүнчө сатуучулар менен күркө ээлери үчүн жалгыз киреше булагы жана жумуш оруну экенин түшүнөт. Ошондуктан аларга продукцияны сатуунун альтернативдүү орундар сунушталат.

Келечекте борбор калаанын борбордук көчөлөрүнө шаардын архитектурасына шайкеш келген бирдиктүү күркөлөрдү орнотуу пландалууда. Мындай күркөлөрдүн эскиздери учурда бекитүү стадиясында турат.

Пикир

Оставить комментарий