• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө Range Rover менен тез жардам унаасы кагышты

Кырсык 0

Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинде Range Rover үлгүсүндөгү унаа менен тез жардам унаасы менен кагышты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 6-августта болжол менен саат 2:00дө болгон.

"Жолтандабас Манас проспекти боюнча чыгыш тарапты көздөй бараткан. Тез жардам унаасы Чүй проспектисинен солго бурулуп жаткан жеринен эки унаа кагышкан", - деп жазылат маалыматта.

Жол кырсыгынан 55 жаштагы У.Г., 33 жаштагы А.Г., 24 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар жабыркаган. Эки унаанын тең айдоочулары жаракат алган эмес.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий