• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин борбордук көчөсүндө үч маршрутка катышкан жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде үч маршрутка катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-октябрда эртең мененки саат 06:30 чамасында болгон. Mercedes Benz үлгүсүндөгү спринтер Аламедина-1 көчөсү тарапка жүрүп баратканда "Фрунзе" гипермаркеттин алдында башка спринтер бурулуп жатып биринчи спринтер менен кагышкан. Ошол эле убакта токтоп турган дагы бир маршрутканы сүзгөн.

Кырсыктан эки айдоочу жабыркаган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, унаалар айып кароого токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий