• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз — Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Прокуратура Бишкектин борборунда үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салууну мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу КР Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан токтом кабыл алынган, ага ылайык, калаанын борборунда митинг, жүрүштөрдү өткөрүүгө чектөө киргизилген.

"Аталган токтомдун негизинде Биринчи май, Ленин жана Октябрь районунун муниципалдык администрациялары тарабынан митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук сотко атайын билдирме жөнөтүлүп, ал канааттандырылган болчу", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жынысына, тилине, улутуна, жашына, саясий же башка көз караштарына карабастан тынч жыйындарды өткөрүү укугун камсыз кылуусу керек.

"Бишкек шаардык прокуратура органдары тарабынан жарандардын митинг, жүрүш же башка иш-чараларды өткөрүү укугун чектөө тууралуу талаптар жана райондук соттор чыгарган чечимдер негизсиз деп табылды. Ал жокко чыгарылышы керек деп эсептейбиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий