• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин борборунда айыл чарба жарманкеси өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Бишкектин борборунда айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсүндө Киев-Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

«Жарандар айыл чарба жана тамак-аш азыктарын (жумуртка, эт, сүт, жашылча ж.б.) өндүрүүчүнүн баасында, ортомчуларсыз сатып ала алышат», - деп белгилейт Айыл чарба министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий