• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин борборунда бекер WI-FI аймагы ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Эркиндик бульварында «Кыргызтелеком» ААКтан бекер WI-FI аймагын ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Компаниядан билдиришкендей, бул “Жеткиликтүү санарип дүйнө!” социалдык долбоорунун алкагында ишке киргизилген экинчи бекер интернет аймагы.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору Эркиндик бульварынын боюндагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин "Кыргызтелеком" ААКтан бекер WI-FI аймагын күнү-түнү пайдалана алышат.

Белгиленгендей, биринчи бекер WI-FI аймагы сентябрдын башында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө ишке киргизилген.

Кыргызтелеком» ААК IT компаниясы жана интернет провайдери болуп, биздин жаш муундарды тарбиялоо жана өнүктүрүү жаатында интернет байланышынын артыкчылыктарын билет жана түшүнөт. Ал эми социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында социалдык статусуна карабастан бардык балдар үчүн экономикалык жана жеткиликтүү билим берүү платформаларын камсыз кылат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий