• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин борборунда бир автоунаа чуңкурга түшүп кетти

Коом 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарында "Хонда Степвагон" унаасы Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштерине байланыштуу казылган чуңкурга түшүп кетти.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, окуя бүгүн, 18-июль күнү болжол менен саат 05:00дө болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу унааны башкара албай калган. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий