• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин борборунда эл ташыган маршрутка кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Бишкектин борборунда жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка кырсыкка учурады. Жабыркагандар бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, болжол менен таңкы саат 7:00дөр чамасында Логвиненко/Киев көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка оодарылып кеткен, ал “Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган, бирөө жеңил унаанын жүргүнчүсү.

“Жабыркагандардын бардыгы ооруканага жаткырылды. Унаалар айып токтотуучу жайга токтотулду. Иликтөө жүрүп жатат”, - деп билдиришти милициядан.

Кырсык боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий