• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектин борборунда эвакуатор “Лексуска” зыян келтирип алды

Коом 0


Бишкек, 15.01.18. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Чүй көчөсү менен Абдрахманов проспектисинин кесилишинде аялдамага токтотулганЛексус RX300жол тандабасына эвакуатор зыян келтирип алган.

ЖКККК кызматкерлери билдиргендей, жол кырсыгы болгон жерде пландык иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан. Аялдамага токтотулган унааларды эвакуациялоо үчүн кеминде 5 эвакуатор келген.

“Лексус RX300” жол тандабасын көтөрүү учурунда аркан үзүлүп кетип, унаага зыян келтирилген.

Натыйжасыз аракетинен кийин эвакуатор унааны ордуна таштап, кетип калды. Кийин болжол менен бир сааттан соң башка эвакуатор келип, машинаны жүктөп, айып токтотуучу жайга алып кетти.

ЖКККК басма сөз кызматы билдиргендей, эвакуация учурунда унаага келтирилген зыянды тендерде утуп алган фирма төлөйт.

“Жол эрежесин бузгандыгы үчүн кызматкерлер протокол түзүп, эвакуаторчуларга эскертүү беришет. Эвакуаторчулар унааны айып токтотуучу жайга жеткирүүлөрү керек. Алар машинанын бүтүндүгү үчүн жооптуу. Жоопкерчиликти эвакуацияны ишке ашырган фирма алат” – деди ЖКККК кызматкери Нурбек Токтосунов.

Ал унаанын ээси зыянды калыбына келтирүү үчүн эвакуация кылган фирмага, же сотко түз кайрылышы керек.

Аялдамадан жалпысынан төрт унаа эвакуацияланып, дагы бир айдоочу айып төлөгөн соң кое берилди.

(Сүрөт жана видео Роман Гайнановдуку)

Пикир

Оставить комментарий