• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин борборунда милиционерге ок аткан кылмышкер алигиче издөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Борбордун “Чыгыш-5” кичирайонунда милиционерге кол салган кылмышкер алигиче кармала элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов айтып берди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү кылмышкерди кармоого бардык зарыл иш-чаралар көрүлүүдө, жакынкы убакта жыйынтыгы болушу керек.

“Ыкчам-издөө жана тергөө чараларынын жүрүшүндө Свердлов райондук районунун кылмыш издөө кызматкерине кол салууга чейин ал Чүй облусунун аймагында ушундай эле кылмыш жасаганы аныкталган. Бул учурда ал Чүй облустук ИИББ тарабынан издөөдө болгон”, -деди Рахманов.

Ал жабыркаган кызматкердин абалы канааттандырарлык жана ал ишине чыкты.

Эскерте кетсек, 2-февраль түнү шаардык “Чыгыш-5” кичирайонунда белгисиз адам милиция кызматкерине кызмат учурунда ок чыгарган. Ок травматикалык тапанчадан чыккан. Жаракат алган милиционер ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий