• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкектин борборунда мыйзамсыз жарнамалык такталарды демонтаждоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бишкектин борборунда мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталар демонтаждалууда. Бул тууралуу Бишкекте брифинг учурунда Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, демонтаждоо иштери Ж.Абдурахманов көчөсү, Чүй жана Манас проспектилеринде райондук администрациялардын жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

«Мыйзамсыз орнотулган учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин №277 ("Жарнакты заказ кылуу, даярдоо жана таратуу эрежелерин бузуу") боюнча айып салынат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий