• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин борборунда шахмат аллеясы пайда болот

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде интеллектуалдык оюндар үчүн маданий аянтча - шахмат аллеясы пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шахмат аллеясын балдар аянтчасынын ордуна куруу пландалууда. Ал эми балдар аянтчасы Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишиндеги коопсуз жайга көчүрүлөт.

“Шаардыктар балдар ойноочу аянтчасын коопсуз кылуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан, анткени ал унаа жолуна жакын жайгашкандыктан, балдар жолго чыгып кеткен учурлар болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шахмат аллеясын куруу долбоору “Шоро” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий