• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкектин борборунда жөө өтмөктө аял 2 адамды сүзүп кетти (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 27-март /Салтанат Абдарева-Кабар/. Бишкекте Абдрахманов көчөсүндөгү жөө өтмөктө айдоочу эки адамды сүзүп кетти, алар 5 метр аралыкка чейин учуп кетишкен.

Күбөлөр айтышкандай, болжол менен 40 жаштардагы аял “Ниссан” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жөө өтмөктөн 2 адамды сүзүп кеткеню

“Ал жөө өтмөктөн жолдун кэинчи четине өтүп бара жатканда сүздү. Алар 4-5 метрге чейин учуп кетишти. Бала жеңил жаракат алды окшойт, ал эми берки 50-55 жаштардагы эркек катуу жабыркады. Ал турган жок. Биз аябай коркуп кеттик”,-деди окуянын күбөсү.

Тез жардам унаасы келип, жабыркагандарды алып кетти.

Пикир

Оставить комментарий