• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин борборунда жаш бала милиция кызматкерин сүзүп, качып кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта саат 14.00 чамасында Чүй жана Айтматов проспектилеринин кесилишинде Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы милиция кызматкери 4-шаардык ооруканага кайрылган. Ал эми белгисиз айдоочу качып кеткен.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы О.А. аттуу айдоочусу кармалды. Ал Бишкек шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндөрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий