• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин борборунда жол инспектору пара алып жатканда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Бишкектин борборунда пара алып жаткан жеринен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкери кармалды.

Инспектор 600 сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ал "Лексус" үлгүсүндөгү унаасын эвакуация кылбаш үчүн 600 сом сураган.

Атайын операцияны Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

“Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар боюнча ушул өңүттөгү бир нече операция жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий