• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин борборундагы имарат жана жер тилкеси мамлекеттин эсебине өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттин менчигине жалпы баасы 95 млн 361 миң сомду түзгөн имарат жана жер тилкесин мамлекеттин эсебине өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мүлк комлексинин биринчи кабатынын жана жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метр түзгөн турак эмес жайлары, ошондой эле 1650 чарчы метр түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Текшерүүдө аныкталгандай, Бишкек шаарынын Киев, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү менен чектелген, колдонулуп жаткан мүлк комплексинин астындагы 2,1 га жер участогун жеке жаранга берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы Жарлыгын бузуу менен Мамлекеттик мүлк фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде кабыл алынып, андан ары аталган объектиге тиешелүү бүтүмдөр мыйзамсыз жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Биринчи май райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесин, Мамлекеттик мүлк фондунун буйругун, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жана андан кийин түзүлгөн бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыздар келтирилген.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын доо арыздары толугу менен канааттандырылган.

2021-жылдын 15-мартында райондук прокуратура тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна прокурордук талап келтирилип, аталган фонддун 23-марттагы буйругу менен жогоруда аталган мүлк комплекси жер тилкеси мамлекеттин менчигине алынган.

Пикир

Оставить комментарий