• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги кафеде белгисиз адамдар официантты жана кароолчуну сабап кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бишкектин борборундагы «Гринвич» кафесинде 6-октябрда официантка жана кароолчуга кол салуу болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, аталган факт Биринчи Май районунун кылмыштарды каттоо китебине киргизилген.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Текшерүү иши жүрүүдө. Кылмышкерлердин кармалгандыгы тууралуу маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий