• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин Чүй-Манас проспектилериндеги инсталляция жана декоративдик тосмолор жаңыртылды

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жаркыраган шарлар менен инсталляцияны жана декоративдик оймо-чиймелерди жаңыртышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын цехинде металлдан 12 атайын тирөөчтөр жасалды. Орнотуунун бекемдиги үчүн аба ырайынын ар кандай шарттарына туруштук бере турган бетон негиздери орнотулган.

Мындан тышкары, кооздук тосмолору жаңыланып, электриктер 750 метр жаңы дюралиттерди орнотуп, металл оймо-чиймелеринин айланасына сары түс берүүчү жарыктар оролду.

Ошондой эле адистер жарык берүүчү шарларды чаңдан жана кирден тазалашты.

Пикир

Оставить комментарий