• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин үч жеринде "Коопсуз шаардын" камералары талкаланды

Коом 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын үч жеринде "Коопсуз шаардын" камералары талкаланган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8нен 9-августка караган түнү 7-апрель менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги баардык аппараттык-программалык комплекс, аны менен катар видео байкоо системасы талкаланган.

Ошондой эле Чүй менен Шопоков жана Бөкөнбаев менен Абдрахмановдун кесилишинде видео байкоо системасы гана талкаланып, жол эрежесин каттаган аппараттык-программалык комплекс бүлүнгөн эмес.

"Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелүүдө. Андан кийин долбоордун аткаруучусу тарабынан укук коргоо органдарына арыз жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик комитеттен белгилешкендей, камералар талкаланып жаткан учур камераларга жазылып калган. Анын жардамы менен аны жасагандар аныкталат.

Ал эми бүлүнгөн камералар жакын арада ордуна коюлат.

Пикир

Оставить комментарий