• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин четиндеги жол кырсыгынан бир адам каза болду – видео

Кырсык 0


Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. ГЭС-5 менен Лебединовка унаа жолунда күн мурун саат 07:00дөр чамасында жол кырсыгы катталды.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Honda Odyssey унаасынын 43 жаштагы айдоочусу аба ырайына байланыштуу рулду башкара албай Nissan Almera унаасы менен бетме-бет кагышкан.

Кырсыктан Honda Odyssey унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган. Ошондой эле 5 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий