• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин дагы 10 мектептерине оргтехника белекке берилди – мэрия

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Бишкектин дагы 10 мектептерине оргтехника белекке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн №33 мектеп-гимназиясында Жаңы жылга карата майрамдык иш-чара өттү. Ага Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков жана район акими Самарбек Болотбековтор катышкан.

Майрамдык кеченин жүрүшүндө №10, 16, 21, 32, 33, 35, 43, 46, 87, 94 мектептерине интерактивдүү класстык тактайлар, проекторлор, компьютерлер жана ноутбуктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий