• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. БШКга 27-февралда өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 14 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү.

Боршайкомдон билдиришкендей, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча:

- Шайлообек Атазов;
- Муратбек Султанбеков;
- Эдиль Бейшенбаев;
- Жусубалы Керимбаев;
- Назгүл Жолдошова;
- Жаныбек Асанбеков;
- Гуля Алмамбетова.

№27 Биринчи май шайлоо округу боюнча:
- Адылбек Гапаров;
- Русланбек Акылбеков;
- Рысбай Аматов;
- Анвар Сартаев;
- Нурбек Токтакунов;
- Шадыкан Жакыпбеков;
- Эльвира Сурабалдиева.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий