• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин эки райондук милициясы жаңы унаалар менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Биринчи май жана Ленин райондук милициясы жаңы ууналар менен камсыз болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен милициянын көчмө кабылдамалары Бишкек шаарынын жаңы конуштарында иш алып баруу максатында “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү эки атайын автоунаа алынып, жаңы конуштар көп жайгашкан Биринчи май жана Ленин райондорунун ИИБге өткөрүлүп берилди.

Милициянын көчмө кабылдамалары Биринчи май жана Ленин районунун аймактарында, айрыкча шаар четиндеги конуштардын жашоочуларынын коомдук тартипти сактоо багытындагы жана башка да социалдык багыттар боюнча арыздарын жана кайрылууларын кабыл алып, бардык суроо талаптарды өз убагында чечүү боюнча ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөт.

Учурдун талабына жараша ИИМдин жетекчилиги бардык зарыл болгон жана техникалык жабдууларды толуктоого, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат жана министрлик милиция кызматтарынын материалдык базасын чыңдоо боюнча иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий