• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин эки районуна жаңы акимдер дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.11.20. / Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Биринчи май районунун башчысы Алимбек Биримкулов кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нусувалиев Максат Орозбекович дайындалды.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев дагы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Константин Иванович Куценко аким болду.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий