• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин экс-мэрлеринин соттук иши: Келген элдин саны көп

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн айыпталуучу экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов боюнча соттун кезектеги отуруму өтүүдө.

Сотко катышууга келген айыпталуучулардын тарапташтары сот бөлмөсүнүн ичинде баардыгына орун жетпейт экендигин билип туруп, залга кирүүгө аракет жасашкан. Алар тарабынан уюштурулган тыгылыш жана кыйкырыктар жактоочулардын да сот өтчү бөлмөгө кирүүсүнө тоскоолдук жаратты.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий