• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин экс-вице-мэри 2 айга УКМКнын тергөө абагына камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Мирлан Амантуровду УКМКнын тергөө абагына 28-февралга чейин камады. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 2020-жылдын 31-декабрдагы жыйында кабыл алынган. Мирлан Амантуровго карата УКМКнын тергөө абагына 2021-жылдын 28-февралына чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупциясы каршы күрөшүү кызматы тарабынан ишенүү менен берилген мүлктү менчиктөө жана максатсыз колдонуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурунку вице-мэри кармалган.

Пикир

Оставить комментарий