• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Фучик көчөсүндөгү тосмо жууп, сырдалды

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Фучик көчөсүндөгүтосону жууп, сырдашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дубалды "Тазалыктын" 30га жакын кызматкери тазалап, иретке келтирди.

"Аптаптуу ысыкта жууп-тазалоо иштери кадимки режимде жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн ишке 668 көчө шыпыргыч, 114 жүктөгүч жана 33 көрктөндүрүүчү чыкты. Көчөлөргө суу чачуу үчүн 26 бирдик техника тартылды. Жууп тазалоо иштери түнкү саат 2:00дөн таң атканга чейин жүргүзүлүүдө. Түндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 50 каттам жасады.

Пикир

Оставить комментарий