• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Бишкектин Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, күн мурун Кыргызстанга Pfizer компаниясынан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинасы үчүн эриткичтер келген.

“ИАРБ адистери дароо эле өлкө боюнча вакцинаны таратууну пландаштыра башташты. Бүгүн, 30-августта, Pfizer вакцинасынын партиясын Бишкек шаарынын эмдөө пункттары, андан соң аймактар алышат. Борбор калаада эмдөө жакынкы убакта, болжолу эртең башталат. Жашаган жер боюнча ҮМБлардан эмделүүгө болот”, - деди ал.

Эскерте кетсек, мурда Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19 каршы 100 620 доза вакцинасы жеткирилген.

Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде жасалган, вирустарды камтыбайт жана адамдын ДНКсына таасир тийгизбейт.

Каршы көрсөтмөлөр:

- Вакцинанын кандайдыр бир компонентине анафилактикалык реакция.

Эмдөөдөн кийин мүмкүн болгон терс таасирлер: ийне сайылган жердин кызаруусу жана оорушу, чарчоо, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, бул белгилер 3 күндөн ашык эмес убакытта өз алдынча жоголуп кетет.

Пикир

Оставить комментарий