• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрүнө 475 тонна техникалык туз себилди

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең мененки тазалоого “МАЗ” үлгүсүндөгү 25 кар тазалоочу унаа, бир “ЗИЛ”, төрт универсалдуу унаа, тротуарларды тазалоо үчүн беш “Беларусь” трактору тартылган.

“475 тонна техникалык туз пайдаланылды. Ишкананын жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын 25 жумушчусу жана 628 тазалоочу иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Автомобиль жолдорунун боюндагы айрым тилкелер тазаланбай калганына күбө болсоңуз, анда 0554 182 185 же 1840, 1850 номерлерине күнү-түнү кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий