• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоого 658 жумушчу чыгат

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ыкчам тартипте Бишкектин көчөлөрүн, тротуарларды, трассаларды кардан тазалоого чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кар тазалоого 25 универсалдуу унаа, эки ЗИЛ кум чачкыч, техникалык тузду жүктөө үчүн 2 жүктөгүч тартылат. Андан тышкары, Жол тейлөө башкармалыгынын 30 адиси жана 628 тазалык кызматкери шаар көчөлөрүн кардан арылтууга тартылат.

Эгер жол боюндагы айрым участоктор тазаланбаганына күбө болсоңуз, бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына кабарлоого болот.

Пикир

Оставить комментарий