• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрүндөгү бетон блоктор тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын өтүшүнө тоскоол болбойт – комендант

Коом 0

Бишкек, 22.04.20, /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүндө орнотулган бетон блоктор тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын өтүшүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, алар көчөдөгү унаалардын агымын азайтуу бул иштерге барып жатышат.

Орозалиев белгилегендей, ал бетон блоктору тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын унаалары өтө ала тургандай коюлган.

"Башкача айтканда унаалардын жүрүшү чектелет, бирок токтотулбайт", - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ күнү борбор калаада унаалардын агымын азайтуу үчүн бир катар көчөлөрдүн кесилишинде 77 бетон блоктору орноткон.

Пикир

Оставить комментарий