• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрүндөгү зымдар иретке келтирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Борбордо жарандардын коопсуздугун жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн мыйзамсыз туташкан зымдарды толугу менен алып салуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Эмен паркындагы, Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы жана Эркиндик бульварындагы зымдар алынып, инвентаризациядан кийин байланыш жаатынын кызматкерлери ал жердеги интернет зымдарын иретке келтиришет.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө балмуздак жана суусундуктарды сатуучу түйүндөр электр энергиясына уруксатсыз туташкандыгы боюнча мыйзам бузуулар аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан 500 метрге жакын мыйзамсыз туташкан зымдар алынды.

Бишкек мэриясы шаардын турмуш-тиричилигине байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номерлерине чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтүүгө болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий