• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрү жарыктандырылууда

Коом 0

Бишкек, 03.02.20 /Кабар/. “Бишкексвет” муниципалдык башкармалыгы борбордун көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эң негизги максат – караңгы көчөлөргө жарык коюу.

Бүгүнкү күндө көчөлөрдө жарыктандыруу сызыктары туташтырылып, 79 жаңы шамдар, 70 шамдардын алдына жаңы кронштейндер жана 3 миң 400 метр аба зымдары тартылган.

Жарыктандыруу Худайбергенов, Целинный көчөсүнүн Токтоналиевден Водопроводный көчөсүнө чейинки тилкесинде, Профессор Зима көчөсүнүн Кокчетавскийден Боталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Джольский кууш жолунун Ананьев көчөсүнөн Васильевага чейинки тилкесинде жана Исанов көчөсүнүн Чоң чүй каналынан Щербаков көчөсүнө чейинки тилкесинде жарык коюу иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий