• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте көмүрдүн баасын көтөргөн сатуучуларга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарында жайгашкан көмүр сатуучу түйүндөрдө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мониторинг учурунда Бишкек шаарынын Свердлов жана Ленин райондорунда жеке ишкерлер көмүрдү 4800 сомдон 5200 сомго чейин сатып жаткандыгы аныкталды. Ошого байланыштуу агенттиктин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан административдик протокол толтурулуп, 5 айып салынды, ошону менен бирге КР мыйзамынын талаптарын аткарылышына эскертүү берилди.

Бул багыттагы иштер улантылып, көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, мониторинг КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий