• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин көпчүлүк аймактарында электр жарыгы жок. Энергохолдингден качан болоорун айтышты

Коом 0

Бишкек, 250.04.18. /Кабар/. Бишкекте кечээ катуу шамал катталып, үйлөрдүн чатырлары учуп, дарактар кулап, калаанын айрым аймактарында электр жарыгы өчкөн.

Качан электр жарыгы калыбына келтириле тургандыгын Улуттук энергохолдингдин басма сөз катчысы Аман Калыбеков билдирди.

“Катуу шамал электр чубалгыларын үзгүлтүккө учуратып, 0.4 жана 6/10 линияларындагы электр жарыгы өчкөн. Жумушчу топ иштеп жатат, жакынкы убакта жарык берүү калыбына келтирилет. Кырдаалга түшүнү менен карап, сабырдуу болууга чакырабыз”,-деди Калыбеков.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номурларга чалууга болот;

Чыгыш - 0-312 59-55-55, 0-312 54-59-02, 0-312 54-58-70
Батыш - 0-312 64-11-11, 0-312 64-38-47, 0-312 64-38-48
“Түндүкэлектрдин” күнү-түнү иштей турган борбору - 1209.

Пикир

Оставить комментарий