• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин көрүнүшүн бузган: көчөлөрдүн биринде мыйзамсыз көмүр сатышкан

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кара-Жыгач жаңы конушундагы Анкара көчөсүндө тийиштүү эмес жерде көмүр сатышкан. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкендей, бул шаардын сырткы көрүнүшүн бузат.

Кичи соода түйүндөрүн куруу мыйзамсыз жерден орун алган, ал эми көмүрдү жана анын калдыктарын сатуу жер кыртышын бузат. Андан сырткары, билдирүүдө айтылгандай, суу каналдарынын жээгинен 15 метр аралыкта соода сатык кылуу жана кандайдый бир нерсени курууга тыюу салынат.

Мамэкотехинспециянын инспекторлору жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамыз сатууну токтотуу боюнча эскертүүлөрдү беришти.

“Учурда аталган жер соодагерлер тарабынан басылып алынганбы же соода кылуу үчүн Чүй суу чарбачылыгы тарабынан уруксат берилгендиги иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болот”,-деп кошумчалашты инспекторлор.

Пикир

Оставить комментарий