• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектин кайгуул кызматынын командасы Таластагы күрөш боюнча мелдеште 1-орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкектин Милициянын кайгуул кызматынын командасы Таласта өткөн күрөш боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Талас шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат кылып, 2019-жылы кызмат учурунда каза болгон Жыргал Абдылдаевдин жаркын элесине арналган кыргыз күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Турнирге республиканын бардык облусунан жалпы 6 курама команда катышты.

Күрөштүн жыйынтыгы менен биринчи орунду Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын командасы, экинчи орунду Ош шаарынын Милициянын кайгуул кызматынын командасы менен үчүнчү орунду Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын курама командасы ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий