• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин кире жана чыга беришиндеги бардык санитардык посттор алынды – мэрия

Коом 0

Бишкек, 08.08.20 /Кабар/. Бишкектин кире жана чыга беришиндеги бардык санитардык-көзөмөл посттору алынып салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынды. Буйрукка комиссия төрагасы, борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов кол койду.

Белгилей кетсек, шаардын чек араларында 12 санитардык-көзөмөл постту коюлган. Жерине ЖКККББнын 24 кызматкери, КР ИИМинин ички коопсуздук аскер кызматынын 40, ИИМ атайын багыттагы полкунун 40 кызматкери жана Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринен 24төн кызматкер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий