• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин конуштарындагы жолдор түздөлөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бишкектин конуштарындагы жолдор түздөлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол инфраструктурасын жакшыртуу, транспорт маселелерин чечүү, жашоочулардын кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкектин конуштарында 200 чакырым жол полотносун түздөө иштери жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күнгө карата "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Арча-Бешик, Төкөлдөш, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Көк-Жар, Алтын-Ордо конуштарынын көчөлөрүндө оңдоо иштерин жүргүзөт.

Ишкана "Учкун" конушунда түздөө иштерин жүргүзүүнү улантып жатат.

Пикир

Оставить комментарий