• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин конуштарынын жашоочуларын геотермалдык жылытууга өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкектин конуштарынын жашоочуларын геотермалдык жылытууга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе шаардык муниципалитеттин жетекчилигинин деңгээлинде талкууланган. Бишкек мэриясы бул демилгени колдойт, анткени борбор калаада ыш, көмүр сыяктуу көйгөйлөр бар.

“Жылытуунун бул түрүнө өтүү жарандардын акчасын үнөмдөп, андан тышкары атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтат. Бул маселе фонддор, ассоциациялар жана шаардын жашоочулары аркылуу жеке тартипте ишке ашырылат”, - Адилет Малдыбаева.

Маалымат үчүн айта кетсек, геотермалдык жылытуу жаратылыш ресурстарын - түгөнгүс ресурс болуп саналган жердин жылуулугун колдонууга негизделген жылытуу варианты болуп саналат. Ошентип, жылуулук насосу топурактын же жер үстүндөгү суунун жылуулукту үйдүн ичиндеги жылытуу системасы аркылуу айлануучу жылуулук алып жүрүүчүгө өткөрүп берет.

Пикир

Оставить комментарий