• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектин Ленин райондук милициясында Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом 0


Бишкек, 24.02.22. /Кабар/ 2022-жылдын 22-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында ички иштер органдарынын ардагерлеринин катышуусу менен Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чарага кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары жана башкармалыктын өздүк курамы, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин жана Бишкек ШИИББнын ардагерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлер майрамдык концерттик программа уюштурушуп, ардагерлер жана жаш милиция кызматкерлери үчүн ыр-бийлер аткарылды.

Иш-чара жаш милиция кызматкерлеринин патриоттук сезимин тарбиялоо максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий