• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Ленин районунда кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төрагалыгы алдында Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, КР Финансы министрлигинин Ленин району боюнча башкармалыгынын жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Штабда жергиликтүү салык жыйындардын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын райондук көрсөткүчтөрү каралды.

Берилген маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери райондун киреше бөлүгүнө түшкөн салык төлөмдөр жана жыйымдар 1 051,8 млн сомду түзгөн, планда 1 011,9 млн сом болгон, аткаруу 103,9 % түзүп, белгиленген план же келип түшкөн сумма 39,8 млн сомго көп болгон.

Кеңештин жыйынтыгында салык кызматтарына, райондук МАБдарга, администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2-жарым жылга аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий