• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Ленин районунда 4 санитардык-карантиндик пост иштеп жатат – Султанов

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда 4 санитардык-карантиндик пост иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысы Токтосун Султанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ленин районундагы 55 көчө дезинфекцияланган.

"Адамдар баскан жолдор, жер астынан өтүүчү өткөөлдөр, тосмолор, мечиттердин айланасы ж.б. жерлер дезинфекцияланды. Ал иштерге 4 кызматкер, 9 атайын техника тартылган. 25-марттан 30-апрелге чейин Ленин районунда 13 санитардык-карантиндик пост болгон. Учурда 4 пост иштеп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий