• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектин Ленин районунда видеокамералар орнотулду - мэрия

Коом 0

Бишкек, 19.08.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борборду санариптештирүүгө багыт алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пандемия башталганга чейин шаардык кызматтар, райондук акимиаттар Ош базарынын айланасынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча план иштеп чыгышкан.

“Шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ленин районунун ички иштер башкармалыгы базардын аймагына 10 тышкы көзөмөл видеокамераларын орнотту. Анын ичинен үчөө айланма, калган жетөө кадимки камера. Бул участокто кылмыш иштери көп катталат. Мониторинг үчүн коомдук пункт К.Акиев көчөсү, 85 (ГОМ) дарегинде жайгаштырылып, 4 компьютер орнотулган”, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Мэриядан белгилешкендей, учурда Кулиев көчөсү жана Чүй проспектиси, Кулиев жана Пушкин көчөлөрү, Павлов көчөсү жана Чүй проспектиси, Бейшеналиева көчөсү жана Чүй проспектиси, К.Бобулов жана Пушкин көчөлөрү, Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрү, Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштерине, Чүй проспектисиндеги (“Беш -Сарынын” батыш тарабы) аялдамага кошумча видео көзөмөл камераларын орнотуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

“Ю.Фучик атындагы сейил багына 22 видеокөзөмөл камера орнотулду. Башкаруу пульту жана мониторинг борбору Фучик көчөсү, 18 дарегиндеги №1 милициянын участкалык пунктунда жайгашкан. Камералар иштеп жатат. Учурда аталган камераларды Ички иштер министрлигинин командалык борборуна туташтыруу маселелери каралууда”, - деп кошумчалашты мэриядан.

“Коопсуз кичи район” долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда. “Жал” кичи районуна 52 тышкы видеокөзөмөл камералары орнотулуп, учурда иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий