• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектин Ленин районунун акими көмүр базаларын текшерди

Коом 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондук кызматтар менен биргеликте Мурманская көчөсү 1Б дарегиндеги «Беш-Сары» жана Мурманская 306Б дарегиндеги КР Коргоо министрлигине караштуу «Отун базасы» көмүр базаларын текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бБазаларда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө базага күн сайын көмүр жеткирилип, ар бир базадан күнүнө 170-180 тоннага жакын көмүр сатылып жатканы аныкталды. Эч кандай ызы-чуу, жыйналган эл жок, кезектин негизинде түзүлгөн тизме боюнча көмүр сатылууда.

Район башчысы отун базаларынын жетекчилери менен калкка көмүрдүн баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий