• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүн иретке келтирүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. «Хулифа ал-Рашиддин» мечитинде диний уюмдардын Бишкек мэриясынын жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө КР президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы талкууланды.

Катышуучулар жарлык менен таанышып, үй-бүлөлүк майрамдарда, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жана башка иш-чараларда ашыкча чыгымга жол бербөө сунушталып, чыгарылган фатвалар менен тааныштырылды.

Шаардык кызматтар имамдар менен биргеликте үй-бүлөлүк майрамдарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн уюштуруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий