• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин мектептеринде эрте никеге туруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектин 88 мектебинде эрте никеге туруу жана кыз ала качууну алдын алуу боюнча жогорку класстардын окуучуларына семинар өтүүдө. Иш-чара Эл аралык кыздар күнүнүн алкагында уюштурулган.

БУУ-аялдар Кыргызстандагы өкүлү жана БУУнун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Геральд Гюнтер иш-чаранын жүрүшүндө кыздарга билим берүүнү колдоо дүйнө жүзү боюнча өлкөнүн өнүгүшүнө кошулган зор салым болуп эсептелет.

“Өлкөдөгү туруктуулукка өнүгүү калк, анын ичинде аялдар коомчулукка толук кандуу аралашканда жетишүүгө мүмкүн. Билимдүү кыздар – бул дени сак балдар”, - деп билдирди Гюнтер.

БУУнун өкүлдөрү эрте никеге турууларды алдын алуу, канча жашта үй-бүлө курууга болору жөнүндө КР Кылмыш кодексинин нормалары тууралуу суроо-жооп иретинде айтып беришти.

Мындай иш-чаралар 3-11-октябрда Бишкектин башка дагы 12 мектебинде өтүп, 400дөн ашуун жогорку класстын окуучулары эрте үй-бүлө куруунун жана кыз ала качуунун терс жактары тууралуу кабардар болушту.

Эл аралык Кыздардын күнү 2012-жылдан тарта белгиленип, дүйнөлүк көйгөй – балдардын никесине арналат. Кыргызстанда статистика боюнча 2015-жылы 13-14 жаштагы өспүрүмдөрдүн 1000 кош бойлуу фактысы катталса, алардын 200ү бойдон алдырышкан.

Балдардын никеси – бул адамдардын негизги укуктарын бузуу, анткени жашы жете электер никенин кесепеттерин аңдап биле алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий