• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин мэри 25-майдан тарта ишин жандандыра турган экономикалык субъекттерге кандай талаптар коюларын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 25-майдан тарта ишин жандандыра турган экономикалык субъекттерге кандай талаптар коюлуп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, 25-майдан баштап экономикалык ишмердиктин төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Соода аймагы:

- кийим базарлары.

Базардын администрациясы келүүчүлөрдүн 1,5-2 метр аралыкта болушун камсыз кылышы керек. Башаламан соодага жол бербөө зарыл, анын ичинде өтмөктөрдүн ортосунда соода кылууга.

2. Тамактануу жайларынын иши, анын ичинде жайкы кафелердин жана 50 орундан аз ресторандар (келгендердин ортосундагы 1,5-2 метр аралыкты так сактоо менен).

3. Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепканалардын жана маданий-агартуу мекемелеринин иши.

4. Транспорттук кызматтар (коомдук транспорт):

Коомдук транспортто төмөнкү санитардык эрежелер жана талаптар белгиленген:

- жүргүнчүлөрдү ташуу беткаптар же респираторлор, кол каптар, колдор үчүн антисептик бар болгондо жана талаптарды так сактоо менен жүргүзүлөт;

- кире бериште санитардык тазалагыч орнотулушу керек;

- ар бир каттамдан кийин унааны дезинфекциялоочу заттар менен сүртүү зарыл;

- аралыкты сактоо.

5. Спорт борборлорунун ишмердүүлүгү (спортзалдар, машыгуучу залдар, фитнес клубдар) жана бассейндер.

Ден-соолукту чыңдоо борборлорунун администрациясы жана коноктору төмөнкү санитардык эрежелерди сактоого милдеттүү:

- машыгуу жабдыктарын ортодо 1,5 метр аралык сакталгандай жайгаштыруу;

- күнүгө бир нече жолу профилактикалык дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп туруу: тактап айтканда, машыгуучу жабдыктарды жана эшик туткаларын, санитардык жана кошумча бөлмөлөрдү;

- кызматкерлердин жана коноктордун дене табын контактсыз көзөмөлдөө менен кирүүчү чыпканы уюштуруу;

- атайын дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен бөлмөлөрдө толук тазалоо иштерин жүргүзүү, абаны дезинфекциялоо, кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу (респиратор, суу өткөрбөй турган кол каптар, көз айнек, бет кап ж.б.);

- имараттын ичиндеги абаны дезинфекциялоо.

Бассейндерде:

- Бир кишиге кеминде 10 чарчы метр бош аянт туура келиши керек.

- Ижарага буюмдар берилбейт.

- бардык жерде, анын ичинде сууда ортодогу аралык сакталышы керек – жок дегенде 1,5 метр.

Администрациялар кардарлардын, келген адамдардын качан келип-кеткендигин документке катташы керек. Документтер кеминде төрт жума бою сакталышы зарыл.

Тыюу салууда турат:

- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;

- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;

- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;

- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

- кинотеатрлар

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий